Ким Чен Ын Түндүк Кореянын армиясы чабуулга даярданып жатканын айтты

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын кол алдындагыларды жаңы машыгууларды өткөрүүгө жана курал өндүрүүнү көбөйтүүгө чакырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, белгисиз себептерден улам Ким Чен Ын башкы аскерий генерал, Башкы штабдын начальниги Пак Су Илди кызматтан алып, анын ордуна бул кызматты эки жыл аркалаган, ошондой эле өлкөнүн коргоо министри болгон генерал Ри Ён Гилди дайындады. Ошондой эле Түндүк Кореянын лидери армияны чабуул жасоого даярдоону тапшырган.

Ким Чен Ын жаңы дайындалган Ри Ён Гилге курал өндүрүүнү көбөйтүү милдетин койду, ошондой эле аскерлерди акыркы үлгүдөгү куралдарды колдонуу менен машыгууларды өткөрүүгө чакырды.

9-сентябрда Түндүк Кореяда республиканын негизделгенинин 75 жылдыгына арналган аскердик парад өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jigitaliev95
2023-08-10 23:03:00
Ушу малдыкы эле ашыкча эли карангылыкта жашайт
-2
Мирлан
2023-08-10 23:07:00
Jigitaliev95 Айырмасы канча сага, сен жарыкта жашап жатасынбы?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан