"Бишкек троллейбус башкармалыгы" айдоочуларды ишке чакырды. Буга чейин айдоочулар массалык түрдө арыз жазышкан

Бишкек троллейбус башкармалыгы айдоочуларды ишке кабыл алып жатат. Бул тууралуу башкармалыктын басма сөз кызматы кабарлады.

Бишкек троллейбус башкармалыгы айдоочулардын жетишсиздигине байланыштуу "Т" категориясы бар айдоочуларды өз жамаатына чакырат.
Ал эми жаңы баштагандар үчүн акысыз окуу жана стажировка бар, курсту аяктагандан кийин расмий ишке орношууга жана татыктуу эмгек акыга кепилдик берет.

Эскерте кетсек, 20-августтан тарта накталай эмес төлөмгө өткөн соң айдоочулардын айлык маянасы 50 миң сомду түзөт.

Бүгүн, 10-августта 50гө жакын троллейбус айдоочусу иштен кетүү тууралуу арыздарын жазышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан