Ошто нааразычылык акциясын өткөргөн кайгуул кызматкерлери жазага тартылышты. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул боюнча атайын түзүлгөн комиссиянын чечими менен 92 милиция кызматкери ар кандай тартиптик жоопкерчиликке тартылган. Тактап айтканда, эки кызматкер ички иштер органдарынан бошотулган. Бешөө ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотулуп, 11и ротация боюнча башка бөлүмдөргө которулду.
Калган кызматкерлерге ар кандай жазалар берилди.
Эске салсак, 28-июлда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) Оштогу бөлүмүнүн кызматкерлери милициянын кайгуул кызматынын имаратынын алдына нааразычылык акциясына чыгышкан.