Ош шаардык милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлеринин нааразычылык акциясына чыккан окуяны териштирүү боюнча министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов жетектеген жумушчу топ Ош шаарына барды. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда Ички иштер министрлигинен билдирди.
"Учурда Ош шаарында коомдук коопсуздук жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үзгүлтүксүз жүрүүдө. Жумушчу топ Ош ШИИБинде милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнүн калган бош кызматкерлери менен жыйын өткөрүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, кечээ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) Оштогу бөлүмүнүн кызматкерлери милициянын кайгуул кызматынын имаратынын алдына нааразычылык акциясына чыгышканы
маалым болгон.