Ленин округуна депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү аяктады

Кечээ, 10-августта саат 24.00дө №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады. Бул тууралуу Боршайком кабарлады.

Маалымдалгандай, шайлоого баш-аягы 34 талапкер (28 – эркек, 6 – аял) көрсөтүлдү. Алардын ичинен азырынча 6 талапкерди БШК каттады.

Эми 13-августта саат 18.00гө чейин БШКга тиешелүү документтердин толук пакетин тапшыруу керек. Ал эми талапкерлерди каттоо 20-августта аяктайт.

Андан соң 21-августтан тартып шайлоо алдындагы үгүт иштери башталат. Шайлоо 10-сентябрга белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан