Казакстандын Караганда облусунда чагылган түшүп, бир адам каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, окуя кечээ, 10-августта Казакстандын Караганда облусунда болгон. Анда аялдамалардын биринде каза болгон жарандын жансыз денеси табылган.
"Сөөктү табуу фактысы катталган. Эркектин өздүгү аныкталды, ал 1977-жылы туулган. Учурда жагдайлар иликтенип жатат. Ал чындап эле чагылган тийгенби же жокпу экспертиза көрсөтөт" деп билдирген Караганда облусу боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.
Белгилей кетсек, кечээ, 10-августта түштөн кийин Караганда облусунда катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, көчөлөрдү суу каптаган. Катуу шамал болгондуктан, имараттардын биринин чатырын учуруп кеткен.