Тажикстанда кыргыз-тажик чек арасы боюнча топографиялык топтордун кезектеги жолугушуусу өттү

Ушул жылдын 4-августунан 10-августуна чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги жолугушуусу Тажикстандын Душанбе шаарында болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта Министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалым болгондой, тараптардын жолугушуусу Кыргызстан жана Тажикстандын Өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун 2023-жылдагы жолугушууларынын план-графигине ылайык өткөрүлдү.

"Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү Протоколго кол коюлду. Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.

Жумушчу топтордун кийинки жолугушуусу Кыргызстандын аймагында болору пландалууда", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан