"Кыргызстандан суу келбей". Казакстан абал оор болуп жатканын билдирди

Коңшу Казакстандын Жамбыл облусунда сугат суу олуттуу тартыш болууда. Бул тууралуу Казакстандын Экология жана жаратылыш ресурстар министрлиги билдирген.

Маалыматка ылайык, Казакстан Талас дарыясынан 2022-жылдын графигине ылайык секундасына 45 куб метр суу алчу. Киров суу сактагычындагы суунун аздыгына байланыштуу бул көрсөткүч секундасына 0 куб метрди түзүп калган.

Казак тарап учурда бул боюнча Кыргызстан менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканы белгилүү болду. Алар суунун агымын секундасына 5 куб метрден кем эмес кылууну сүйлөшүп жатышат. Дал ушул көлөм Жамбыл мамлекеттик райондук электр станциясынын ишин сактоо үчүн зарыл.

Ошондой эле Казакстан тарап Таластагы Киров суу сактагычындагы суунун жетишсиздигинен улам 4 миң гектарга жакын пияз жана кант кызылчасы коркунуч алдында тургандыгын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан