Белгилүү блогер Хасбик UFC уюмунда канча киреше тапканын ачыктады

Хасбик деген каймана ат менен белгилүү болгон блогер Хасбулла Магомедов UFC уюмунда жалпы 3 миллион евро киреше тапкан. Бул тууралуу Хасбик UFC уюмунун президенти Дана Уайттын сөздөрүнө комментарий берип жатып айтты.

Дана Уайт социалдык тармактагы баракчасына Хасбик UFC уюмунда 1 миллион евро киреше тапканын жазган.

"Ал туура эмес айтты. Мен үч миллион таптым”, - деп жазды Хасбик Instagram баракчасына.

Бою 98 сантиметр гана болгон блогер Хасбик 2022-жылы UFC уюму менен беш жылдык келишимге кол койгонун жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан