Ош облусунун Өзгөн районунда 20 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 18 жаштагы Муслимахон Хакимжанова Ошто жүргөн жеринен табылды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, анын Ош шаарында жүргөн жери такталып, Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратына алып келинип, туугандарына өткөрүлүп берилди.
2-август күнү Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө Өзгөн шаарынын 43 жаштагы К.Х. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Арызында ал 22-июль күнү кызы 2005-жылы туулган Хакимжанова Муслимахон Хсунбаевна үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген.