Садыр Жапаров Жо Байденге көңүл айтты

Өлкө башчы Садыр Жапаров АКШ президенти Жо Байденге Гавайи аралдарында өрттүн кесепетинен адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтып телеграмма жолдоду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

“Гавайи аралдарында өрттүн кесепетинен көптөгөн адам каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Биз Америка Кошмо Штаттарынын элинин аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Сизге, Америка Кошмо Штаттарынын элине жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм”,- деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Гавайи аралында өрт 8-августта башталган. Өрттүн тез жайылып кетиши "Дора" бороону менен байланыштуу болушу мүмкүн. 130 чакырым/саатка жеткен катуу шамалдан улам жалын тез жайылып, эскертүү системалары жакшы иштебей калган. Өрттөрдүн так себеби азырынча тактала элек. Акыркы маалыматтар боюнча 67 адам каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан