Түндүк Корея бийлиги бороон учурунда биринчи Ким Чен Ындын портретин сактоого буйрук берди

Түндүк Кореяда "Ханун" тропикалык бороонуна алдын-ала даярдык болуп, жергиликтүү бийлик тургундар үчүн атайын сунуштарды даярдады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн расмий гезитинде буйрук пайда болгон. Анда катаал аба ырайы учурунда өлкө лидери Ким Чен Ындын портретин биринчи кезекте сактоого буйрук берилген. Ким Чен Ындын портрети ар бир үйдө бар.

Ошондой эле адамдар өлкө лидеринин урматына жасалган айкелдерди, мозаикаларды, фрескаларды жана башка эстеликтерди сактоого милдеттүү.

Алгач бороон Япониянын аймагын каптап, андан соң Корей жарым аралын көздөй багыт алган. Бул обочолонгон өлкөгө чоң таасирин тийгизет. Себеби Түндүк Корея өлкөдө инфраструктура начар экенин жана токойлордун массалык кыйылышы өлкөгө суу ташкынын алып келерин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2023-08-13 14:50:00
Тообо, ушундай да жинди башчы болобу?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан