Кара-Суу районунда суу түтүгү унаанын үстүнө кулаган окуядан 2 адам каза болуп, үч адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, кечээ, 12-август күнү саат 10:00 чамасында Кара-Суу РИИБдин нөөмөт бөлүмчөсүнө кабар келген. Анда Ош шаары менен Кара-Суу районунун кесилишинде жайгашкан мунай базасынын унаа жүрүүчү жолунда кокусунан суу өтүүчү түтүк (труба) түшүп кетип Daewoo Nexia үлгүсүндөгү автоунааны басып калгандыгы жөнүндө маалымат келип түшкөн.
Аталган маалымат бирдиктүү реестрге катталып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыккан.
Алгачкы текшерүү учурунда төмөнкүлөр аныкталган: 12-август күнү саат 09:40 чамасында Алай районунун тургуну 1976-жылы туулган К.К. аттуу жаран өзүнүн башкаруусундагы оор жүк ташуучу J-FANG үлгүсүндөгү унаасы менен Кара-Суу районунун Нариман айылынын Насридинов көчөсүнүн түндүк тарабы менен чыгыштан батышты көздөй бара жатып, жолдун үстүнөн өткөн суу өтүүчү түтүктүн бийиктигин эске албай, түтүктү сүзүп бузуп алган. Натыйжада ошол эле жолдун карама-каршы тилкесинде келе жаткан Daewoo Nexia үлгүсүндөгү автоунаанын үстүнө аталган суу өтүүчү түтүк түшүп кеткен.
Жыйынтыгында унаанын алдыңкы салонунда отурган 2 жаран окуя болгон жерде каза болгон, ал эми унаанын арткы орундугунда отуруп бара жаткан жүргүнчүлөр, 3 жаран ( 2кө жаш балдар) денесине алган жаракаттын негизинде Ош облусунун балдар ооруканасына жеткирилген.
Каза болгон жарандарга жана ооруканага жеткирилген жарандарга соттук медициналык экспертиза дайындалып, жол эрежесинин талаптарын бузгандыгын аныктоо боюнча соттук автотехникалык, трассологиялык экспертизалар дайындалган.