Польша Беларус менен чек арага 10 миң аскерин жайгаштырууда

Польша Беларус менен чек арага 10 миңдей аскерин жиберүүнү пландоодо. Бул тууралуу өлкөнүн коргоо министри Мариуш Блашчак билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, чек арадагы Яриловкада польшалык жоокерлер менен жолуккан коргоо министри аскерий күчтөрдүн көбөйүшү Минск менен Москва айткандай душмандык маневр эмес, тоскоолдук гана экенин баса белгилеген.

"Беларусь режими Кремль менен кызматташып жатканы жана Польшанын чек арасына жасалган чабуулдар биздин өлкөнү дестабилдештирүүгө багытталганы шексиз", - деген ал.

Польша "Вагнерчилер" киргенден баштап Беларус менен чек арасында коопсуздукту күчөтөрүн билдирген. 11-августтан тарта Латвия да Беларусь менен чек арага коопсуздуктун күчөтүлгөн режимин киргизди. Литва "Вагнерсилер" Беларусь өлкөсүнө киргенден баштап чек арадагы бир нече өткөрүү пункттарын жабууга уруксат берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан