Садыр Жапаров АКШ президентине көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров АКШ президенти Жо Байденге Гавайи аралдарында өрттүн кесепетинен адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирет.

“Гавайи аралдарында өрттүн кесепетинен көптөгөн адам каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Биз Америка Кошмо Штаттарынын элинин аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Сизге, Америка Кошмо Штаттарынын элине жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм”, - деп айтылат президенттин телеграммасында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан