Гавайидеги токой өртүнөн улам 89 адам курман болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Белгиленгендей, көз жумгандардын саны дагы өсөт. Өрт АКШнын тарыхындагы эң көп адам өмүрүн алган окуя экени белгиленди. Мурдагы рекорд 2018-жылы Калифорнияда болгон өрттөн кийин коюлган. Анда 85 киши көз жумган.
Мауи аралдарындагы өрт катуу ысыктан улам чыгып, "Дора" бороону аны жайылткан. Өрт бир нече калктуу конушту жана туристтер сүйгөн Лахайна шаарын жок кылды.
Кырсыктын кесепетинен улам бийлик жолдорду тосууга аргасыз болууда. Аймакта коомдук транспорт ишин токтотуп, жүздөгөн жергиликтүү тургун эвакуацияланды.
Бул кырсыкка байланыштуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Жо Байденге көңүл айтуу телеграммасын жиберген.