Бишкектеги диний окуу жайлар жана мечиттер текшерилүүдө

Бишкектеги бардык диний объектилер текшерилүүдө. Бул үчүн атайын шаардык казыят тарабынан комиссия түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, диний окуу жайлардын жана мечиттердин имарат жана жер участогунун документтери, санитардык жана өрт коопсуздугунун корутундулары, тазалык жана окуу программалары каралып чыгып, тиешелүү тапшырмалар берилип жатат.

"Баарына маалым болгондой, өкмөттүн диний объектилерди текшерүү боюнча атайын токтому чыккан. Ошонун негизинде биз ордо калаадагы жалпы диний окуу жайларга, мечит, медреселерге эскертүү бергенбиз. Бүгүндөн баштап комиссиянын курамы менен бүт диний объектилерди текшерип келе жатабыз. Текшерүүдө даярдыгы жок, кайдыгер караган жетекчи, имам-хатибдерге тийиштүү чаралар көрүлүүдө", – деди казынын орун басары Талантбек Темирбаев.

Белгилей кетсек, текшерүү иштери Бишкек шаардык мусулмандарынын казысы Шакир Маматовдун тапшырмасына ылайык ишке ашырылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан