АКШнын Гавайи штатындагы токой өртүнөн
каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктардын жок экенин бүгүн, 14-августта Тышкы иштер министрлигинен SUPER.KG порталына билдирди.
Буга чейин өрттөн 89 адам каза болгондугу, өрт АКШнын тарыхындагы эң көп адам өмүрүн алган окуя экени маалымдалган.
Эске салсак, Гавайи аралында өрт 8-августта башталган. Өрттүн тез жайылып кетиши "Дора" бороону менен байланыштуу болушу мүмкүн. 130 чакырым/саатка жеткен катуу шамалдан улам жалын тез жайылып, эскертүү системалары жакшы иштебей калган. Өрттөрдүн так себеби азырынча тактала элек.
Бул кырсыкка байланыштуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Жо Байденге көңүл айтуу телеграммасын жиберген.