Кечээ, 13-август күнү кечинде Ирандын Шираз шаарындагы Шах Черах мечитинде теракт болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, анын кесепетинен 4 адам каза болгон. Жабыркагандардын саны 8ге жеткени айтылды.
Ирандын ЖМКлары мечиттин видеокамераларына түшүп калган террордук чабуулдун фрагменттерин жарыялады.
Кадрлардан мечитте намаз окулуп, имарат ичинде эркектердин, аялдардын, балдардын жүргөнүн көрүүгө болот. Бир аздан кийин эле башкы дарбазадан бет кап кийген террорчу чуркап кирип, автоматтан ок чыгара баштаган.
Бул аталган мечиттеги экинчи теракт. 2022-жылдын октябрынын аягында беш белгисиз адам мечиттин аймагына ок чыгарган. Анын кесепетинен 13 адам каза болуп, дагы 45 киши жарадар болгон.
Террорчулардын бири ошол эле түнү колго түшүрүлсө, калгандары кийинчерээк кармалган. Үстүбүздөгү жылдын май айында кылмышка тиешеси барлардын экөө өлүм жазасына кесилген.