Ош облусунун Ноокат районунда өз жанын кыйган окуучунун өлүмүнө шектүү 26-августка чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта Ош облустук ички иштер башкармалыгы маалымдады.
"Азырынча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, ал 26-августка чейин камакта калтырылды.
Тергөө иштери уланууда", - деп билдиришти башкармалыктан.
Белгилей кетсек, буга чейин Ноокатта 8-класстын окуучусу өз жанын кыйгандыгы кабарланган. 31-июлда окуучунун өлүмүнө шектелип 36 жаштагы жаран кармалган.