Ноокатта өз жанын кыйган окуучунун өлүмүнө шектүү кармалды

Ош облусунун Ноокат районунда өз жанын кыйган окуучунун өлүмүнө шектелип 36 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда SUPER.KG порталына Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалымдалгандай, аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси (Өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү) менен кылмыш иши козголуп, 1987-жылы туулган А.Н. кармалган.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилгендиги, тергөө амалдары уланып жаткандыгы айтылды.

Белгилей кетсек, буга чейин Ноокатта 8-класстын окуучусу өз жанын кыйгандыгы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан