Бишкекте кичи автобуста жүргүнчүлөргө отвёртка менен кол салган окуя боюнча кармалган 2 жаран эки айга камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, алардын бөгөт чарасы 11-августта Биринчи Май райондук сотунда каралган. Шектүү катары кармалган К.Ж жана А.Р Бишкектеги №1 тергөө абагына 2 айга камакка алынганы айтылат.
Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда коомдук транспорттун ичинде отурган белгисиз адамдар жүргүнчүлөрдү коркутуп жаткан видео тараган.
Бишкек ШИИББинин ыкчам кызматкерлери дароо кылмышкерлердин изине түшүшүп, алардын өздүгү такталып, мурда бир нече жолу соттолушкан 1994-жылы туулган К.Ж жана 2005-жылы туулган А.Р. тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
Күбөлөрдүн айтымында №199 кичи автобуста чөнтөк ууру жүргүнчүлөрдүн биринин телефонун уурдап жатканда кармалып калган. Жүргүнчүлөр "чөнтөк ууруну милицияга кармап беребиз" дешкенде дагы бир жакыны жардамга келген. Алардын бири отвёртка менен жүргүнчүлөргө тап берип, качып кетишкендиги айтылган.