Кызамыкка каршы эмдөөнү кайдан алса болот?

Кызамыкка жана паротитке каршы эмдөө Улуттук эмдөө календарына ылайык 12 айлык балдарга, 6 жаштагыларга - ревакцинациялоо жүргүзүлөт. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти.

Маалым болгондой, кызамыкка каршы вакцина Кыргызстандын бардык эмдөө жайларында бар. Балдарын кызамыктан коргогусу келген ата-энелер жергиликтүү медициналык кызматка кайрылышы керек.

"Эмдөөдөн өтпөгөн чоңдор үчүн (кызылча, кызамык) эмдөө жүргүзүлөт жана аны жекече гана алууга болот.

Ооруну алдын алуу үчүн өз убагында эмдөө керек", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин кызамык оорусунан Бишкекте 3 жаштагы, Чүйдө 1 жаштагы наристелер чарчап калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан