Өлкөдө жыл башынан бери кызамык оорусунан эки наристе көз жумду. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, ушул жылдын биринчи жарымында кызамык оорусунун татаалдашынан Бишкек шаарында 3 жаштагы жана Чүй облусунда 1 жаштагы наристелердин өлүмү катталган. Эки учурда тең балдар эмдөө графиги боюнча эмдөөлөрүн алышкан эмес. Ата-энелер диний көз караштан улам баш тартышкан.
Ага ылайык, республикалык иммуно профилактика борборунун маалыматы боюнча, жыл башынан бери 1704 кызамык оорусу аныкталган.
Кызамык оорусунун аймактык бөлүнүшү боюнча:
- Бишкек шаарында - 361 учур;
- Ош шаарында - 277;
- Ош облусунда - 609;
- Баткен облусунда - 89;
- Чүй облусунда - 165;
- Жалал-Абад облусунда - 94;
- Талас облусунда - 74;
- Ысык-Көл облусунда - 59 учур,
- Нарын облусунда - 6 учур.
"Акыркы маалыматтарга ылайык, КМШ өлкөлөрүндө кызамык оорусуна чалдыккандардын өсүшү төмөнкү мамлекеттерде белгиленген: Тажикстанда – 528 учур, Орусияда – 5000 учур, Казакстанда – 3000 учур, Өзбекстанда – 89, Түркияда – 2147 учур", - деп билдиришти мекемеден.
Белгилей кетсек, ата-энеси вирустук геппатитке жана кургак учукка каршы профилактикалык эмдөөдөн баш тарткан жаңы төрөлгөн ымыркайлардын арасында катталууда. Учурдагы кырдаал сезгич контингенттин топтолушуна, калктын (жамааттык) иммунитетинин төмөндөшүнө жана вакцина менен алдын ала турган коркунучтуу инфекциялардын айлануусу үчүн шарттарды түзүүгө алып келет.