Кечээ, 14-август күнү кечинде Махачкаладагы "Глобус" соода борборунун жанында автосервис өрттөнүп, өрт май куюучу жайга өтүп, андан кийин катуу жарылуу болду. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, жарылуудан акыркы маалыматтар боюнча 25 адам, анын ичинде үч бала каза болуп, 66 адам жаракат алган. Өрттүн аянты 600 чарчы метрге жеткен. Окуянын кесепеттерин жоюуга 260 адам жана 80 техника тартылган. Учурда өрт толук өчүрүлдү.
Жарылуу болгон жерге эң жакын медициналык мекеме жабырлануучуларга толду. Дарыгерлер жана жакындары жабырлануучуларды коридорлорго жаткырып жатышат.