Түнү менен президенттин кабыл алышын күткөн баткендиктер: "Иним эч кандай күнөөсү жок эле түрмөдө отурат"

Баткендин тургундары өкмөт үйүнүн жанында түнү менен президенттин кабыл алышын күтүштү. Алар Садыр Жапаров жеке өзү кабыл алмайынча күтүүнү улантышат. Мындагы жарандар Баткендин Кадамжай районунда 14 жаштагы кыздын зордукталып, өлтүрүлүшүнө шектелип кармалгандардын бири Элдияр Бахтияр уулунун жакындары.

Эске салсак, өткөн жылдын 4-сентябрында Кадамжай районунун Ноогардан айылында 14 жаштагы кыздын жансыз денеси табылган. Кылмышка шектелип аталган райондун 4 тургуну кармалган. Алардын экөөсү ошол жылдын декабрь айында Оштогу тергөө абагында асынып каза болгону айтылган.

Жакында эле Баткен облустук соту шектүүнү бирине өмүр бою эркинен ажыратуу чечимин күчүндө калтырган. Ал эми дагы бир айыпталуучу 17 жаштагы Элдияр Бахтияр уулун райондук сот 10 жылга эркинен ажыраткан. Анын жакындары Элдиярдын эч кандай күнөөсү жок экенин, президенттин акыйкаттыкты орнотуп берүүсүнөн үмүт артып жатканын билдиришүүдө.

Шектүүнүн эжеси Айнагүл Бекенова SUPER.KG порталына кылмышты жасаган жигиттин анын инисине бир жолу телефон чалганы үчүн гана камап коюшканын айтты.

"Кылмыш жасалган күнү аны жасаган бала менин иниме телефон чалып, кызды өлтүрүп алганын айтат. Иним жаш бала да, коркуп кетип, телефонун өчүрүп койгон. Бир жолу байланышканы үчүн гана Элдиярды кармап, 10 жылга эркинен ажыратып коюшту. Кылмышты жасаган бала биздин тууганыбыз болот. Ошон үчүн иниме кабарлашкан.

Иним эч кандай күнөөсү жок эле түрмөдө отурат. Чындык даана көрүнүп турса дагы, аны эч ким көргүсү келбей, ишти жабуунун аракетин көрүп жатышат. Жок жерден жаш өмүр талкаланып жатканына көз жумуп коюшканына зээним кейийт.

Элдиярды 10 жылга эркинен ажыратуу чечимин райондук сот кабыл алган. Учурда облустук сот ишти карап жатат. Акыйкаттык издеп атайын Баткенден келип, кечээтен бери президенттин кабыл алуусун күтүп жатабыз. Түнү да өкмөт үйүнүн жанында уктабай күттүк. Президент качан кабыл алса ошого чейин ушул жерде күткөнү даярбыз. Бул жерде отурганыбызды билген жарандар тамак-аш алып келип беришүүдө. Аларга ыраазычылыгыбызды билдиребиз", - дейт Бекенова.

Кошумчаласак, Кыргызстанды дүрбөлөңгө салган окуяны президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алганын айтып, "кылмышкерлер өтө катуу жаза алууга тийиш" деп билдирген. Ал эми башкы прокурор Курманкул Зулушев укук коргоо органынын кызматкерлери бул ишти "адилет тергеп берет" деп убадалаган.

Түнү менен президенттин кабыл алышын күткөн Баткендиктер: "Иним эч кандай күнөөсү жок эле түрмөдө отурат"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
baltabai
2023-08-15 12:03:00
Байкуш баланы жөн эле бошотуп койсо болот эле Мен боорум кети
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан