Бишкекте маршруткада жүргүнчүлөргө отвёртка менен кол салгандар: Алардын шериктери дагы кармалды

Бишкекте коомдук транспортто уурулук кылган топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалым болгондой, буга чейин социалдык тармактарда коомдук транспорттун ичинде отурган белгисиз адамдар жүргүнчүлөрдү отвертка менен коркутуп жаткан видео тараган.

Мындан тышкары 10-августта шаар тургуну бейтааныш адамдарга чара көрүү арыз менен кайрылган. Анда саат 08:20 чамасында Киев көчөсү менен коомдук транспортто бара жатып, капчыгын уурдоого аракет кылганын, капчыкты ала албай калган соң баласына жаракат келтиргенин билдирген.

Ошондой эле 10-августта А.Ж. аттуу жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен милицияга кайрылган. Ал 8-августта маршруттук таксинин салонунда бара жатып, Redmi 7 маркасындагы уюлдук телефонун уурдатып жибергенин байкап, кайтарууга аракет кылганда, белгисиз адамдар каршылык көрсөтүп, аны белгисиз буюм менен урууга аракет кылышканын айткан.

Аталган фактылар боюнча райондук бөлүмдөрдүн тергөө кызматтары тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иштери козголгон. Ыкчам-иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек ШИИББдин ыкчам кызматкерлери дароо кылмышкерлердин изине түшүп, аларды кармап, тергөө кызматына жеткиришкен.

"Алар 1994-жылы туулган К.Ж., 2005-жылы туулган А.Р., 2006-жылы туулган М.Д., 2005-жылы туулган О.И., 2001-жылы туулган Ж.К. жана 1998-жылы туулган Ч.М. аттуу жарандар экендиги аныкталды.

Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал эми 2006-жылы туулган шектүүнү камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы Чүй районунун Вознесеновка айылындагы №14 түзөтүү колониясына тандалган", - деп айтылат маалыматта.

Жүргүзүлгөн кылмыш ишинин алкагында милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөрдүн жашаган жеринен ар кандай үлгүдөгү 6 уюлдук телефон табылганы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан