Эквадордун Эсмеральдас провинциясында "Жарандык революция" саясий кыймылынын лидери Педро Брионести үйүнүн жанында атып кетишти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Брионести андан акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү атып кетишкен. Полиция кызматы азыр саясатчыга башка себептерден улам коркутуулар болгон-болбогонун иликтеп жатат.
Бир жума мурун, 9-августта Китодогу митингден кийин "Строй" кыймылынан президенттикке талапкер болгон Фернандо Вильявисенсио өлтүрүлгөн. Ал киши өлтүрүү аракетинен бир нече жума мурун коркутууларды алган.