Орусияда блогер көчөдө кетип бара жаткан кыргызстандык үй-бүлөгө унаа белек кылды (видео)

Белгилүү орусиялык блогер Михаил Тимочко Орусияда жүргөн кыргызстандык үй-бүлөгө жарым миллион рублдук унаа белек кылды.

Кечээ, 14-августта блогер өзүнүн баракчасы аркылуу "Мени менен эмне кааласаң ошону кыл" деген баттлга катышкан. Анда ал көчөдө өтүп бара жаткан адамга эле 550 миң рублга алган унаасын бермек.

"Акыркы тапшырма таптакыр ойго келбегендей. Мен жолдо кокусунан өтүп бара жаткан адамга унаа берем. Мен өмүрүмдө мындай кылган эмесмин. Кечээ мен бул унааны 550 миң рублга сатып алгам. Бүгүн мен аны көчөдө өтүп бара жаткан бирөөнө берем”, - деди блогер Instagram баракчасында.

Андан кийин блогер көчөдө коляска менен кетип бара жаткан үй-бүлөнү көргөн. Блогер аларга барып унаа берерин айтканда алгач үй-бүлө ишенген эмес. Качан гана блогер унаанын ачкычын жана документин аларга тапшырганда гана ишенишкен.

Кийинчерээк блогерден унааны алгандар кыргызстандыктар экени белгилүү болду. Жубайынын айтымында ал учурда Москвада баласы менен үйдө, ал эми жолдошу курулушта иштейт.

Блогер
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан