Ленин округуна кайра шайлоо: БШК 3 талапкерди каттоодон баш тартты

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектеги бир мандаттуу Ленин округундагы кайра шайлоого катышууга арыз берген үч адамды талапкерликке каттоодон баш тартты. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Алар Роман Ремнёв, Назарбек Нышанов жана Ильязбек Якубов экени белгилүү болду.

Аталган талапкерлер документтерди толук тапшырбаганына, шайлоо фондун түзбөгөнүнө жана күрөөгө акча төлөбөгөнүнө байланыштуу каттоодон өтпөй калды.

Эскерте кетсек, бул округдагы кайра шайлоого катышуу үчүн 34 адам арыз берген. Документтерди кабыл алуу 10-августта аяктаган, ал эми талапкерликке каттоо 20-августка чейин жүргүзүлөт. Шайлоо 10-сентябрга белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан