Акылбек Жапаров билим берүү министринин орун басарын кызматтан алды

Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка 14-августта министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Белгилүү болгондой, Токтобүбү Ашымбаева буга чейин бул кызматты аркалап, бирок 2017-жылы кызматынан алынган. 2022-жылдын 11-ноябрында ал кайрадан дайындалган болчу.

Анын ордуна ким келери азырынча маалымдала элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан