Кыргыз-өзбек алакасы: Чолпон-Атада кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өттү (фото)

Бүгүн, 16-августта Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы өкмөттөр аралык эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен комиссиясынын 10-жыйыны тар жана кеңейтилген курамда болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирет.

Белгилүү болгондой, жыйын эки өлкөнүн өкмөт башчылары Акылбек Жапаров менен Абдулла Ариповдун төрагалыгы астында болду.

Жыйында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча маселелер талкууланды. Анда Акылбек Жапаров үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында 50дөн ашуун өз ара сапарлардын жана биргелешкен иш-чаралардын болуп өткөнү, эки тараптуу мамилелердин позитивдүү өсүшүнөн кабар берерин билдирди.

“Жогорку деңгээлде болуп өткөн иштер эки тараптуу мамилелерге ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк статусун берүүгө күчтүү түрткү берди. Эми биздин алдыбызда жетишилген бардык макулдашууларды өз убагында жана сапаттуу ишке ашыруу милдети турат”, - деди Жапаров.

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерде оң тенденция байкалууда. Маселен, ушул жылдын 5 айында соода жүгүртүүнүн көлөмү 13,3% пайызга өсүп, ал 215,8 миллион долларды түздү. Жакынкы келечекте эки тараптуу сооданы 2 миллиард долларга жеткирүү пландалууда.

Өз сөзүндө Акылбек Жапаров Кыргызстан менен Өзбекстан ар тараптуу кызматташууларын тереңдетүүгө бизнес чөйрөсү, эки өлкөнүн соода-өнөр жай палаталары, ишкерлер кеңеши, кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду сыяктуу бир катар тармактар маанилүү роль ойноорун белгиледи.

Анда эки өлкөнүн суу-энергетика, транспорт жана коммуникация тармагында эки тараптуу кызматташуунун оң тажрыйбасы бар экени белгиленди. Учурда “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол линиясын куруу долбоору ийгиликтүү ишке ашууда. Ошондой эле, “Камбар-Ата 1” ГЭСин биргелешип куруу долбоору боюнча дагы иштер жүрүп жатканы айтылды.

Мындан тышкары жыйындын жүрүшүндө маданий-гуманитардык, билим-илим тармактарындагы кызматташууну жогорулатуу белгиленди.

Анда быйылкы жылы биргелешкен маданий иш-чараларды, тагыраагы ноябрь айында Өзбекстанда Кыргызстандын Маданият күндөрүн, белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгын майрамдоо пландаштырылууда.

Отурумдун соңунда сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы Өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын 10-жыйынынын Протоколуна кол коюлду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан