Быйыл Өзбекстанда Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгы белгиленет

Бүгүн, 16-августта Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Өкмөттөр аралык эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен комиссиясынын 10-жыйыны тар жана кеңейтилген курамда болуп өттү.

Жыйын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун төрагалыгы астында болду. Жыйындын жүрүшүндө маданий-гуманитардык, билим-илим тармактарындагы кызматташууну жогорулатуу белгиленди.

Анын алкагында быйылкы жылы биргелешкен маданий иш-чараларды, тагыраагы ноябрь айында Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрүн, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгын майрамдоо пландаштырылып жатканы айтылды.

Белгилей кетсек, аталган эки өлкө өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын 10-жыйынынын протоколуна кол коюлду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан