Дагестандагы жарылуу: Каза болгон 27 адамдын аты-жөнү такталбай жатат

Дагестандын Махачкала шаарындагы жарылуудан каза болгондордун көпчүлүгүнүн аты-жөнү аныкталбай жатат. Бул тууралуу BAZA телеграм каналы жазды.

Маалыматка ылайык, жарылуунун кесепетинен каза болгондордун 27синин денеси катуу күйгөн, анын натыйжасында сөөктөргө генетикалык экспертиза талап кылынат.

Белгилей кетсек, 14-август күнү кечинде Махачкаладагы "Глобус" соода борборунун жанында автосервис өрттөнүп, өрт май куюучу жайга өтүп, андан кийин катуу жарылуу болгон.

Акыркы маалыматка ылайык, жарылуудан каза болгондордун жалпы саны 35ке жетсе, ал эми жабыркагандардын саны 100дөн ашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан