Өлкө башчы Садыр Жапаров “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.
Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, мыйзам калкка көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтарынын сапатын жакшыртуу жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле заманбап талаптарга жооп берген, эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү инсанды өстүрүү жана калыптандыруу үчүн билим берүү тутумун реформалоо максатында кабыл алынган.
Алсак, кабыл алынган мыйзам төмөнкү жаӊылыктарды камтыйт:
– формалдуу эмес билим берүү процессинде же өз алдынча практикада ээ болгон жарандардын кесиптик компетенцияларын, көндүмдөрүн сертификациялоо жана валидациялоо институту киргизилет;
– жогорку окуу жайларына өзгөчө статус ыйгаруу маселелерин жана алардын ишин жөнгө салуу;
– онлайн билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салуу;
– билим берүү уюмдарынын билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин киргизүү;
– тизмеги Министрлер кабинети тарабынан бекитилүүчү автомектептердин ишин, ошондой эле адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирүү тобокелдиги менен байланышкан кошумча билимди кошпогондо, менчигинин түрүнө карабастан мектепке чейинки жана кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарын лицензия алуудан бошотуу.
Белгилей кетсек, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 29-июнда кабыл алынган.