"Башка-көзгө тепкилеп...". Ысык-Көлдүн Кош-Көл айылындагы көл жээкте массалык мушташ орун алды (видео)

Ысык-Көлдөгү пансионаттардын биринде скутер иштеткендер менен эс алуучулар мушташа кетишти. Окуянын видеосу бүгүн, 16-августта социалдык тармактарда тарады.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиргендей, окуя Кош-Көл айылында орун алган. Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобу мушташка катышкан скутер ижарачыларынын аты-жөнүн аныкташкан.

Алардын айтымында, эс алуучулардын бири скутер менен бара жатып, суу транспортунун кыймылдаткычына (мотор) суу киргизип алган. Эс алуучу оңдоо иштерине акча төлөп берүүнү убада кылган, бирок жээкке чыкканда баш тарткан. Натыйжада алардын ортосунда чыр чыгып, ал мушташка айланган.

Учурда бул окуяга тиешеси бар эс алуучулардын аты-жөнү такталууда. Скутерди ижарага бергендер бул окуя боюнча суракка алынып, көрсөтмөлөрүн алуу үчүн айылдык милиция бөлүмүнүн тергөө кызматына жеткирилген.

Толук маалымат кийинчерээк берилери кошумчаланды.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
BakytbekAbdubakhapov
2023-08-17 16:37:00
Урматтуу колдуктор аранарда хотя бы бир эркек барбы?Шакалдар гана толпа кылат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан