"Арыктай албайм". Канело эмне үчүн Кроуфорд менен беттешпей турганын түшүндүрдү

Мыкты орто салмактагы, талашсыз дүйнөнүн чемпиону мексикалык Сауль Альварес эмне үчүн биринчи жарым салмакта абсолюттук чемпион болгон америкалык Теренс Кроуфорд менен беттешпей турганын түшүндүрдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалымдалгандай, Канело максималдуу салмак 76,2 килограммды түзгөн категорияда беттешет. Ал эми Кроуфорд 63,5 килограммды түзөт.

"Мен 67 килограммга чейин арыктай албайм. Андан Гервонт Дэвис жөнүндө сурашты, менде да ушундай болот. Менден бир топ кичинекей мушкерди жеңгенимди баары айтышат. Эч ким муну баалабайт", - деди Альварес Fight Hub телеканалына берген маегинде.

Белгилей кетсек, мексикалык мушкер кийинки беттешин дагы бир америкалык - 69,850 килограммды түзгөн биринчи орто салмакта абсолюттук чемпион Жермел Чарло менен өткөрөт. Беттеш 30-сентябрда Лас-Вегаста (АКШ) өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан