Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин саясий бюросунун мүчөсү, Синьцзян Коммунисттик партиясынын партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу Кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматы кабарлайт.
Сүйлөшүүлөрдүн башында Акылбек Жапаров Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинге президент Садыр Жапаровдун атынан салам жолдоду.
Белгилүү болгондой, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар энергетика, транспорт, логистика, почта байланышы, айыл чарба, туризм, маданият жана билим берүү тармагындагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун кеңири спектрин талкуулашты.
Министрлер кабинетинин башчысы Кыргыз-кытай мамилелери прогрессивдүү өнүгүп жатканын белгиледи. Ошондой эле Садыр Жапаровдун май айында Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды тез арада ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Акылбек Жапаров Кыргыз тараптын инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын, анын ичинде Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушунун маанилүүлүгүнө токтолду.
Тараптар “Эркечтам” жана “Торугарт” өткөрүү пункттарын модернизациялоо маселесине өзгөчө көңүл бурушту.
Акылбек Жапаров эки өткөрүү пунктунун ишин оптималдаштыруу, анын ичинде алардын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн арттыруу, жолду реконструкциялоо жана кеңейтүү, ошондой эле айдоочулук визаларды берүү зарылдыгын белгиледи. Мындан тышкары, тараптар Кыргыз-кытай чек арасында жаңы "Бедел" өткөрүү пунктун ачуу жана Барскоон-Учтурфан-Ак-Суу унаа жолун куруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.
Тараптар гидроэнергетиканы өнүктүрүү боюнча долбоорлорду жана энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу багытында пикир алмашышты.
Өз кезегинде Ма Синжуй Синьцзян-Уйгур автономдук району Кыргызстан менен энергетика, жашыл экономика, почта байланышы жана электрондук коммерция тармагында кызматташууну тереңдетүүгө даяр экенин баса белгиледи. Ошондой эле өлкөлөр ортосундагы аба каттамдарынын санын көбөйтүү зарылдыгына токтолду.
Ал "Кытай-Евразия" ЭКСПО көргөзмөсү жана Кыргыз-кытай бизнес-форумун уюштуруунун алкагында бул сапар өтө маанилүү экенин белгиледи.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен СУАРдын мамлекеттик органдарынын ортосунда бир катар келишимдерге жана документтерге кол коюшту.
Эске салсак, Акылбек Жапаров Кытайга сапар менен кечээ, 16-августта барган.