Бишкекте синтетикалык баңги затын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген милиция кызматкерлеринин тобу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-августта УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.
Ага ылайык, УКМК тарабынан Укук коргоо органдарындагы коррупцияны аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, Ички иштер министрлигинин баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн айрым бөлүктөрүнүн кызматкерлери тарабынан жеке керектөө үчүн синтетикалык дарыларды сатып алуу, адамдардан акча каражаттарын системалуу түрдө талап кылуу фактылары боюнча маалыматтар алынган.
Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө алынган маалыматтар тастыкталып, бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгү (Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүү), 343-беренесинин 2-бөлүгү (Опузалап пара талап кылуу) жана 262-беренесинин 1-бөлүгү (Кылмыш чөйрөсүн түзүү) менен кылмыш иши козголуп, анын алкагында зарыл болгон тергөө амалдары жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.
"Тергөө иштеринде Ички иштер министрлигинин системасында ошондой эле анын структуралык жана аймактык бөлүмдөрү, туруктуу кызматкерлер тобу, оперативдүү мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, адамдарды кармоонун кийинки этаптары менен, "кыстармалар" деп аталган Telegram жана WhatsApp мессенджерлери аркылуу жеке колдонуу үчүн синтетикалык баңгизаттарды сатып адамдарды аныкташкан. Ошол эле маалда кылмышка тиешеси бар адамдарды уюлдук телефондоруна болжолдуу кармоо процесси тартылып алынып жана видеоматериалдар кылмыш жоопкерчилигине тартып, тергөө камак жайга камайбыз деп коркутуу менен кармалгандардан акча талап кылуу үчүн колдонулган", - деп айтылат маалымата.
Коркутуулардын жана психологиялык басымдын натыйжасында кармалган жарандар ИИМдин аталган кызматкерлерине 20 миң сомдон 5 миң долларга чейин акча каражатын өткөрүп берүүгө мажбур болушкан. Алар талап кылынган сумманы алгандан кийин баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүнүн аныкталган фактыларын жашырып, кармалгандарды бошотушкан.
"Тергөөдө акыркы 2 жылда гана болгон 200дөн ашык ушул сыяктуу фактылар боюнча маалыматтар алынып, синтетикалык баңги заттарына каршы күрөшүү жаатындагы өлкөдөгү иш жүзүндөгү кырдаалды жашыруунун мурда болуп көрбөгөндөй фактылары жөнүндө күбөлөндүрөт. Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жана ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, ИИМдин учурдагы кызматкерлери Б.К., Э.А., Н.К., Б.И. жана У.Ч. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп айтылат билдирүүдө.
Учурда бул кылмыштуу схемага тиешеси бар ИИМдин бардык кызматкерлерин аныктоого жана кармоого багытталган иш-чаралар улантылып жатканы кошумчаланды.
Ошондой эле УКМК бардык жарандардан Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин бул тобунун аракеттеринен жабыр тарткан жана ушул сыяктуу фактылар болсо, билдирүүнү өтүнөт жана анонимдүүлүккө кепилдик берет.