Талибдер Ооганстандагы бардык саясий партиялардын ишмердүүлүгүнө тыюу салып, мындай иш-аракеттер ислам мыйзамдарына каршы келет деп эсептешет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалымдалгандай, мындай чечим Ооганстандын лидерлери Кабулда бийликке кайтып келгенинин эки жылдыгын белгилегенден бир күн өткөндөн кийин жарыяланды.
Талибдердин юстиция министри Абдул Хаким Шараии Кабулдагы маалымат жыйынында тыюу салуу тууралуу билдирди.
"Өлкөдө саясий партиялардын ишмердүүлүгүнө шариятта эч кандай негиз жок. Алар улуттук кызыкчылыкка кызмат кылбайт жана өлкө алардан эч кандай баалуулук көрбөйт", - деп билдирди ал.
Белгилей кетсек, мындан эки жыл мурда талибдер Ооганстанды кайра көзөмөлгө алган маалда өлкөдө 70тен ашуун ири жана майда саясий партиялар расмий каттоодон өткөн.
Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.