Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна (СУАР) болгон иш сапарынын алкагында бир катар ири корпорациялардын жетекчилери менен жолукту.
Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, анда өкмөт башчы Синьцзян соода-логистикалык корпорациясынын башкармалыгынын төрагасы Шень Цзиньшен менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар логистика, энергетика жана соода тармагындагы маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.
Жапаров Кыргызстан чет элдик инвесторлор үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүнүн, Кытайдын жана Евробиримдиктин рынокторуна кирүү үчүн “терезе” катары иштөөгө даяр экенин белгиледи.
“Кыргызстан Европа Биримдиги менен ВСП+ статусуна ээ, анын аркасында экспортчулар ЕБ өлкөлөрүнө нөлдүк тарифтик ставкалар боюнча товардын 6 миңден ашуун түрүн жеткире алышат. Андан сырткары Өзбекстан жана башка мамлекеттер менен эркин соода аймагыбыз бар”, - деди ал.
Мындан тышкары, тараптар Кыргызстанда логистикалык борборлорду жана бондалык аймактарды куруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Министрлер кабинетинин төрагасы бул долбоорлорду ишке ашырууда, атап айтканда, жер тилкесин берүү, ошондой эле ал жерде тиешелүү инфраструктураны даярдоодо ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Өз кезегинде кытайлык компаниянын башкармалыгынын төрагасы ГЭСтерди, логистикалык борборлорду жана башка долбоорлорду курууга инвестиция тартууга даяр экенин белгилеп, андан ары ишке ашыруу үчүн бир катар долбоорлорду сунуштады.
Андан соң өкмөт башчы “TBEA Co., Ltd” компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Чжан Син менен жолукту.
"Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Акылбек Жапаров менен Ма Синжуйдун сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча жетишилген долбоорлорду ишке ашыруунун журушун талкуулашты. Анда электр энергия менен камсыздоо максатында Энергетика министрлиги менен ТВЕАнын ортосунда түзүлгөн меморандумдарга ылайык Сары-Жаз каскадын жана кВ 500 “Кемин-Торугарт” электр линиясын куруу ишин ишке ашыруу сүйлөшүлдү", - деп айтылат маалыматта.