Садыр Жапаров иш сапары менен Венгрияга барат

Өлкө башчы Садыр Жапаров Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын чакыруусу менен 20-августта Будапешт шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Ага ылайык, мамлекет башчысы Венгриянын улуттук майрамына жана Жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк мелдешке (19-29-август күндөрү өтөт) байланыштуу иш-чараларга катышат.

Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдиргендей, аталган иш-чарага башка мамлекет башчыларынын да катышуусу күтүлүүдө.

Иш сапардын алкагында президент Жапаров Венгриянын премьер-министри менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан