Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) Кыргызстандагы программалык координатору Осман Устаны үч жылдык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.
Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, Эдил Байсалов Осман Устага өлкөнүн координатору катары аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдирип, анын Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы достук жана кызматташтыктын жаңы көпүрөсүн курууга кошкон салымын жогору баалады.
"ТИКА эки өлкөнүн ортосундагы салттуу боордоштук мамилелерин чыңдоо менен Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсү жаатында көптөгөн маанилүү долбоорлорду ишке ашырып келет", - деп айтылат билдирүүдө.