Жапаров кытайлык компаниялар менен Кыргызстанга электр автобустарын жеткирүүнү талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна (СУАР) болгон иш сапарынын алкагында “Xinjiang Goldwind Science and Technology Co.,Ltd.” башкармалыгынын төрагасы У Ган менен жолукту.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара кызыкчылык туудурган долбоорлорду ишке ашыруу багыттарын белгилешти, атап айтканда, зыяндуу заттардын эмиссиясын азайтуу боюнча маалымат алмашуу чөйрөсүндө кызматташуу, энергиянын кайра жаралуучу булактары жана шамал станцияларын куруу тармагында илимий адистерди даярдоо боюнча макулдашууга жетишилди.

Xinjiang Goldwind Science and Technology Co.,Ltd.” компаниясынын жылдык бюджети 560 миллион доллар жана Кытайдын шамал станцияларынын лидери. Жалпы орнотулган генерациялык кубаттуулук алты континентте 100 ГВттан ашат", - деп айтылат маалыматта.

Андан соң Жапаров “Gree Altairnano New Energy Inc.” компаниясынын вице-президенти Линь Пэн менен жолукту.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстанга электр автобустарын жеткирүү, анын ичинде керектүү көлөмдө кубаттоочу станцияларды орнотуу маселесин талкуулашты.

Өкмөт башчы Кыргызстан 2050-жылга чейин көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүү милдетин алганын белгилеп, өлкөдө электромобилдерди заряддоочу түзүлүштөрдү иштетүү жана орнотуу процедурасы жөнөкөйлөштүрүлгөнүн баса белгиледи.

Өз кезегинде Линь Пэн “Gree Altairnano New Energy Inc.” компаниясы дүйнөдөгү эң ири 500 компаниянын бири, ошондой эле электр унааларын жана заряддоо системаларын өндүрүүдө лидерлердин бири экенин белгиледи.

Ал Кыргызстанда “электр энергиянын өздүк наркы кыйла арзан” экенин белгилеп, өлкөгө керектүү сандагы электробустарды жеткирүүгө гана эмес, аларды чогултуу үчүн завод куруу долбоорун даярдоого кызыкдар экенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан