Кыргыз-кытай бизнес форумунда 1 миллиард долларлык келишим түзүлдү

Кытайдын Синьцзян-Уйгур автоном районунун Үрүмчү шаарында өтүп жаткан кыргыз-кытай бизнес форумунун жыйынтыгында жалпы суммасы 1 миллиард доллардан ашкан 29 келишимге кол коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, бизнес форумга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышып, эки тараптуу кызматташтык, товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү, көзөмөл-өткөрмө пункттарын модернизациялоо, энергетика жана жол куруу тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу багытында сүйлөшүү жүргүздү.

Форумдун алкагында жалпысынан 29 документке кол коюлган. Анын ичинде төмөнкүлөр бар:
- "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы бир нече кытайлык компания менен Ак-Улак, Беш-Бурхан, Тегене, Торугарт, Торугарт-1, Кара-Кабак Балыкты, Сүлүктү талаа-11 көмүр кендерин биргелешип казуу жөнүндө 7 келишимге кол койду;
- "Торугарт" жана "Эркеч-Там" өткөрүү пунктуларынын жанына ленталык конвейери менен көмүр логистикалык борборун куруу жөнүндө эки макулдашуу;
- Экономика министрлиги жана Кытайдын Gree Altairnano New Energy Co. Ltd. компаниясынын ортосуна энергиянын кайра жаралуу булактары менен жүрө турган автобустарды чогултуу заводун куруу боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу меморандуму;
- Энергетика тармагындагы бир катар документтер, тагыраагы, күн электр станциялары долбоорун ишке ашыруу, Сары-Жаз ГЭСтер каскадын куруу тууралуу макулдашуу;
- Кыргызстандан бал, эт жана балык экспорттоо боюнча келишим.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан