Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 20-августта Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын чакыруусу менен Венгриянын улуттук майрамына жана жеңил атлетика боюнча Дүйнө чемпиондугуна карата иш-чараларга катышуу үчүн Будапешт шаарына иш сапары менен барды.
Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, мамлекет башчысынын учагы Будапешт шаарындагы Ференц Лист атындагы аэропортко конду. Садыр Жапаровду Венгриянын юстиция министри Бенце Тужон тосуп алды.
Делегациянын курамы:
Жээнбек Кулубаев - тышкы иштер министри;
Муратбек Азымбакиев - президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
Талантбек Кушчубеков - Кыргызстандын Венгриядагы элчиси.
Иш сапарынын алкагында президент Жапаров Виктор Орбан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, башка чет элдик лидерлер менен катар башка иш-чараларга катышары кошумчаланды.