Канаданын батышында жайгашкан Британ Колумбиясында 35 миңден ашуун жаран эвакуацияланууда. Бул тууралуу Reuters басылмасы жазып чыкты.
Маалым болгондой, өрт провинцияны Тынч океандын жээги менен байланыштырган автожолго да олуттуу кесепетин тийгизген. Ошондой эле Оканаган көлүнүн чыгыш жээгиндеги тарыхый курорт жана бир нече имараттар жабыркаган.
CBC News билдиргендей, өлкөнүн батышында 381 активдүү токой өртү болуп жатат, алардын 166сын көзөмөлдөө мүмкүн эмес. Учурда аталган аймакта өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
Канаданын бийликтери азыркы кырдаалды өлкөнүн тарыхындагы "эң начар өрт мезгили" деп атоодо.
Белгилей кетсек, Канададагы токойлор июнь айынын башынан бери күйүп жатат. Жыл башынан бери 2,7 миллион гектардан ашык жер күлгө айланган. Ал эми эксперттер өрттүн чыгуусун аба ырайынын кескин ысып кетиши менен байланыштырууда.