Quramax Medikal компаниясынын директору Сингх Рагвендра Пратар Doc-1 Max сиропун текшерүүдөн өткөрбөө үчүн Өзбекстандын Мамлекеттик экспертиза жана дары-дармектерди стандартташтыруу борборунун кызматкерине 33 миң доллар бергенин мойнуна алды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыкты.
Маалым болгондой, Сингх Рагвендра Пратар алгач текшерүүдөн өткөрбөө үчүн пара берген. Андан соң аталган дары Өзбекстанда катталган.
Шектүүнүн айтымында, Фармацевтика агенттигинде иштеген Ж.Э. аттуу жаранга индиялык Marion Biotech PVТ. Ltd компаниясынын ишмердүүлүгүн текшерүүнү токтотуу үчүн 33 миң доллар пара берген.
Ошондой эле ал компания "Кураракс 200" жана "Кураракс 400" дарысын дагы сатууну көздөгөнүн кошумчалады. Бирок бул дарылардын дагы Doc-1 Max сиропу сыяктуу документи толук эмес экени аныкталган.
Эске салсак, Өзбекстанда индиялык Marion Biotech компаниясынын дарысын ичкен 65 бала каза болгонун Жогорку сотунун басма сөз катчысы Азиз Абидов социалдык тармактагы баракчасында билдирген.
2022-жылдын сентябрь-декабрь айларында Өзбекстанда 19 өлүм катталып, ага Индиянын Marion Biotech фармацевтикалык компаниясы чыгарган Doc-1 Max препаратын колдонуу себеп болгон.
Алардын баары алты жашка чыга элек балдар экени аныкталган. 7-январда жогорудагы сиропту ичкен дагы бир бала каза болгону белгилүү болгон. Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө таратылган сироптун партиясынан этиленгликоль табылган.
Бул фактылар боюнча кылмыш иштери козголуп, аталган дарыны Өзбекстанга каттоого, аны алып келүүгө жана сатууга тиешеси бар бир нече адам кармалган.