"Хилари" тропикалык бороону Калифорнияда суу ташкынына алып келди (видео)

"Хилари" тропикалык бороону АКШнын Калифорния штатында суу ташкынына алып келди. Бул тууралуу The Guardian басылмасы жазды.

Басылманын маалыматына караганда, Лос-Анжелестин аймагында 9 миллиондон ашык адам суу каптоо коркунучунда турат. Учурда Калифорниянын түштүгүндө сел жүрүп жатканы айтылууда. Маалым болгондой, аталган аймакта "Хилари" тропикалык бороону 84 жылдан бери биринчи жолу болуп жатат.

Палм-Спрингс бийлиги бороон-чапкындан улам өзгөчө кырдаал режимин жарыялап, тургундардын үйдө отуруусун жана унаа айдабоосун сунуштады.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан