Москвага жакын жерде кайрадан дрондор атып түшүрүлдү

Москва облусунун Руза районунда дрон менен кол салуу аракети токтотулганын Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди.

"21-августта Москва убактысы боюнча саат 06:50 чамасында Киев режиминин учак тибиндеги учкучсуз учуучу аппараты менен теракт жасоо аракети токтотулду. Украинанын учкучсуз учуучу аппараты Москва облусунун аймагында нөөмөттөгү абадан коргонуу күчтөрү тарабынан аныкталды", - деп билдирди министрлик.

Бул окуядан жарым сааттан кийин Коргоо министрлиги Москва облусунда дагы бир дрон атып түшүрүлгөнүн жарыялаган.

Мындан улам, "Внуково" жана "Домодедово" аэропортторунда авиакаттамдарга аткарууга чектөө киргизилип, "Шереметьеводо" бир нече каттамдар кармалып, кайра иштей баштаганы кабарланды.

Москва бул кол салуулар үчүн Украинаны айыптап жатат. Ал эми Киев комментарий бере элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан